Yндөшүү мыйзамы, зат атоочтун көптүк саны, суроолуу сүйлөмдөр, үндүү тыбыштардын бөлүнүшү, айкын өткөн чактын оң, терс жана суроолуу формалары, шилтеме ат атооч, сурама ат атооч, жактама ат атоочтор, этиштин чак категориялары, буйрук ыңгай, таандык мүчөлөр, айрым жөндөмө мүчөлөрү, илик жөндөмөсү, табыш, жандоочтор, байламталар, сын атооч, сан атооч, салыштырма даража, күчөтмө даража, туюк мамиле (-ыл).
Тамгаларды, сандарды үйрөнүп, саламдашуу, таанышуу, коштошуу сүйлөмдөрүн түзө алышат, өзүн тааныштыра алышат, убакытты айтып же сурап, күн ичиндеги иш-аракеттерине байланыштуу сөздөрдү, туугандык байланышты билдирген сөздөрдү, кызыгуулары, чөйрөсү, кесиптин түрлөрү, келечек пландарын түзүү, үйдүн түрлөрү, бөлмөлөр, имараттар, эмеректер, буюмдар, Бишкектеги базарлар, соода маркеттери, тамак-аш, жашылча-жемиштердин түрлөрү тууралуу сүйлөм кура алат.
Кыргыз тилинин баштапкы элементардык деңгээлинде сиз биринчи сабактан баштап кыргызча сүйлөгөнгө аракет кылып баштайсыз. Курс ичинде турмуш тиричиликке байланыштуу жөнөкөй сөздөрдү, каалооңузду, жеңил тексттерди түшүнүп каласыз. Бул курстан окугандан кийин сиз таанышуу, убакыт, үй-бүлө, кесиптер, үй, соода-сатык темаларында сүйлөшүү жүргүзүп, жеңил тексттерди түшүнө алышат.
Үндөштүк, этиштин кош мамилеси, адат өткөн чак, чакчыл сөздөр, этиш сөздөргө уланган -са, -ганын, -ганы менен, -оо, -өө, -уу, -ү мүчөлөрү, жөндөмө мүчөлөрү, сөздөрдүн жөндөлүшү, таандык мүчөлөр жана алар менен сөздөрдүн өзгөрүшү, жактама ат атооч, айкын өткөн чак, капыскы өткөн чак -майынча, -мак,
-макмын мүчөлөрүнүн этишке жалганышы, кош мамиле (-ыш), атооч сөздөр жана аларга уланган мүчөлөр, шилтеме ат атоочтордун жөндөлүшү жана башка.
Жыл мезгилдеринин аталыштарын, айлардын кыргызча аталыштарын, мезгилге байланыштуу сүйлөмдөрдү, аба ырайын, жаратылыш кубулуштарына байланыштуу сөздөрдү, дүйнөдөгү өлкөлөр, шаарлар, улуттарга байланыштуу лексикаларды, жер-суу аттары тууралуу сөздөрдү, адамдын келбетине, мүнөзүнө, адаттарга байланыштуу сөздөрдү, спорттун түрлөрүн, анын ролун, олимпиадалык оюндар, таанымал спортчуларды, Кыргысзтандын таанымал спортчуларын, чемпиондорду, адамдын дене мүчөлөрүнүн аталыштарын, дарылануу, дарыкана, оорукана, тез жардамга байланыштуу лексикалар, сергек жашоо боюнча сөздөрдү, Кыргызстан жөнүндө маалымат, аймактары, кереметтүү, кооз жерлери боюнча мааылмат алып, ушуларга байланыштуу сөздөрдү билип, тушүнүп, жонөкөй сүйлөмдөрдү түзө алат.
Кыргыз тилинин базалык едеңгээлин окутуу курсун өткөндөн кийин сиздин деңгээлиңиз баштапкы деңгээлден алда канча жогорулайт. Бул курсту өткөн студенттер дүкөндө, кафеде жөнөкөй сүйлөмдөр менен оюн түшүндүрө алышат. Жеңил тексттерди окуп, которушат. Жыл мезгилдери, дүйнө элдери, улуттар, адамдын келбет, мүнөзү, спорттун түрлөрү, ден соолук, биздин өлкө темаларында сүйлөшүп, жеңил тексттерди түшүнө алышат.